• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Учуу убактысы 1 саат 30 мүнөт. Ташкенттен Ысык-Көлгө каттам ачылууда

Коом 0

Бишкек, 30.06.21. /Кабар/. Эс алуу мезгилин утурлай Ташкентте Ысык-Көлгө каттам ачылууда. Бул тууралуу "Манас" аэропортунун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алгачкы каттам 11-июлда "Ысык-Көл" эл аралык аэропортуна келип конот.

"Узбекистон хаво йуллари" авиакомпаниясы Ташкент-Тамчи-Ташкент маршруту боюнча каттамды жумасына бир ирет – жекшемби күндөрү жүргүзмөкчү. Учуу убактысы 1 саат 30 мүнөт.

Пикир

Оставить комментарий