Бишкек, 13.11.23. /Кабар/. Борбор калаанын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду.
Муниципалитеттен билдиришкендей, Уезбаев Улан Калмурзаевич Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору болуп дайындалды.
Ал буга чейин транспорт департаментинин директорунун орун басары болуп иштеген.
Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кол койду.
Пикир
Оставить комментарий