• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Уганда Кыргызстан менен инвестиция, туризм, соода, маданият, тоо-кен тармагында кызматташууга умтулат

Саясат 0

Бишкек, 12.08.21. /Кабар/. Кечээ, 11-августта КР тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Тегеран шаарындагы резиденциясы менен Уганданын Кыргызстандагы элчиси Мухаммед Тезикуб Кисамбирадан ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө министрдин орун басары А.Мадмаров Уганда Республикасынын элчиси М.Кисамбираны кызматка киришүүсү менен куттуктап, эки тараптуу жана көп тараптуу деңгээлде мындан аркы жемиштүү иштешүүгө ишеним артты.

Ошондой эле министрдин орун басары А.Мадмаров 2014-жылы эки мамлекеттин ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн кийин тараптар, биринчи кезекте, укуктук базаны өнүктүрүү аркылуу кыргыз-уганда кызматташтыгынын бекем пайдубалын түптөө зарыл экендигин белгилеп кетти.

Өз кезегинде, Элчи М.Кисамбира Бишкекке болгон биринчи сапарын уюштурууга көрсөткөн жардамы үчүн министрликке ыраазычылык билдирди жана Уганда Республикасы Кыргыз Республикасы менен инвестиция, туризм, соода, маданият жана тоо-кен тармагында кызматташууга умтула тургандыгын баса белгиледи.

Соңунда министрдин орун басары А.Мадмаров кыргыз тарап берилген сунуштарды жана демилгелерди кароого даяр экендигин билдирди жана ошондой эле элчиге жооптуу кызматында мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий