Уйкусуздук кыйнадыбы? Саламат уйкунун эрежелери тууралуу эки ооз сөз

Ден соолук 0

Бишкек, 10.06.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Уйкусуздук – түнкү уйкунун бузулушу жана күндүзгү уйкусуроо менен коштолгон патологиялык абал.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, эркектердин болжол менен 30%ы жана аялдардын 37%ы, ошондой эле 4 кош бойлуу аялдын үчөө бул көйгөйгө тушугат.

Уйкунун жетишсиздиги салмак кошууга, жүрөк ооруларына жана ал тургай депрессияга алып келет. Андыктан сизде уйкусуздуктун белгилери бар болсо, квалификациялуу адистерге кайрылып, уйкусуздуктун себебин жана тез арада бул көйгөйдөн арылуунун жолдорун табууга аракет жасаңыз. Алдыда балдарга жана чоңдорго канча убакыт уктоо маанилүү?

Уйкуну кантип жакшыртуу керектиги тууралуу адистин кеп-кеңештерине кулак салыңыз.

  • Балдарга жана чоңдорго канча саат уйку керек? Чоңдор дайыма 7 же андан көп саат укташы керек. Кээ бир адамдар, өзгөчө жаштар жана өнөкөт оорулары бар адамдар суткасына 9 сааттан ашык уйкуга муктаж. Кээ бир адамдарга гана 6 сааттан аз уйку жетиштүү. Бул генетикалык факторлорго байланыштуу дешет адистер;
  • Эгерде сиз суткасына 7 сааттан аз уктасаңыз, өнөкөт оорулар козголот. Атап айтканда, кант диабети, жүрөк-кан тамыр оорулары, инсульт, кан басымынын жогорулашы, салмак кошуу жана семирүү, иммундук системанын бузулушу, психикалык ден соолуктун начарлашы жана депрессияга кабылуу коркунучу жогорулайт. Ошондой эле жетишсиз уйку сиздин чечим кабыл алуу жөндөмүңүзгө таасирин тийгизип, жолдо кырсыкка кабылуу коркунучун көбөйтүүгө алып келиши ыктымал;
  • Уйкуну жакшыртууга аракет жасаңыз. Күндүзгү, өзгөчө жатар алдындагы жүрүм-турумуңуз уйкуңуздун сапатына таасир этет. Бир нече дени сак адаттар жакшы уктоого жардам берет. Уйкунун графигин сактап, бир убакта уктап, бир убакта ойгонгонуңуз туура. Дем алыш күндөрү да бул эрежелериңизди сактаңыз;
  • Үйүңүзгө тынчтануучу атмосфераны түзүңүз. Уктоочу бөлмөдөгү тынчтык жана ыңгайлуу салкын температура уйкуга жетелейт. Кечинде жарыктарды күйгүзбөй, гаджеттерди башка бөлмөгө калтырыңыз. Электрондук шаймандарды, маселен, телевизор, компьютер, смартфондорду уктоочу бөлмөдөн алыс кармаңыз же жок дегенде уктаардан 30 мүнөт мурун өчүрүңүз;
  • Тамак-аш рационуңузга көңүл буруңуз. Кофеинден жана жатар алдында көп тамактануудан алыс болуңуз. Күнү бою пайдалуу тамактарга басым жасаңыз. Жатар алдында суюктук ичпеңиз. Чаңкооңузду кандыруу үчүн ашыкча суюктук ичүү уйкуга байланыштуу көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн.
  • Чылым чекпеңиз. Тамеки тартпай, бул жаман адаттан арылыңыз. Спорт менен машыгып, сергек жашоого умтулуңуз. Анткени күндүзгү физикалык активдүүлүк түнкүсүн жеңилирээк уктоого жардам берет;
  • Уйкуңуз келбесе, уктабаңыз. 20 мүнөттүн ичинде уктай албасаңыз, төшөктөн туруңуз. Күндүз уктоону адатка айлантсаңыз, убакытты 45 мүнөткө чейин чектөө шарт.

Пикир

Оставить комментарий