Уюлдук операторлор электрондук капчыктардын ишиндеги чектөөлөргө каршы чыгышууда

Коом 0

Бишкек, 23.01.18. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. КР байланыш операторлорунун Ассоциациясы коомчулукту Улуттук банктын демилгесинен улам жакын арада ишмердиги токтотулушу мүмкүн болгон өлкөдөгү уюлдук капчык сервистеринин ишине карата жарандык позициясын билдирүүгө чакырышат.

Кыргызстандын уюлдук компанияларынын өкүлдөрү КР УБ тарабынан накталай эмес уюлдук төлөмдүн өнүгүшүн чектөөлөрүнө каршы чыгышууда. Бүгүн “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында алар Борбордук банк тарабынан тажрыйбадагы кандайдыр бир тобокелдиктерге байланыштуу коюлган бардык жүйөлөр акталбагандыгын белгилешет.

Ассоциациянын аткаруучу директору Айбек Күренкеев КР УБнын өз аракеттерин актаган негизги аргументтерин айтып берди. Анын айтымында, башкы себептердин бири болуп колдонуучулардын эсебиндеги акча каражаттарынын сакталышына тынчсыздануу, экстремисттик жана террористтик уюмдарды каржылоо мүмкүнчүлүгүнүн пайда болушу, ошондой эле мүмкүн болгон операцияларды ишке ашыруу үчүн финансы каражаттарын жетиштүү айлантууну камсыздоо саналат.

Ал КР УБ тарабынан мындай уюлдук капчыктарга тыюу салуу демилгеси биринчи жолу чыгып жатпагандыгын белгиледи.

“Былтыр да ушундай аракет болгон: 2017-жылы 1-августта электрондук акчалар жөнүндө мыйзамга толуктоолорду киргизүү долбоору коомдук угууга коюлган. Бирок коомчулуктун жана ишкер чөйрөнүн катуу реакциясынан улам бул долбоор токтотулуп, долбоорду тереңдеп иштеп чыгууу жана конструктивдүү чечим чыгаруу үчүн жумушчу топ түзүлгөн”, - деп кошумчалады Күренкеев.

Ассоциациянын директорунун айтымында, аткарылган аракеттердин аркасында өлкөдө уюлдук капчыктарды түзүү үчүн мүмкүнчүлүк пайда болгон. Ошону менен бирге уюлдук компаниялардын өкүлдөрү бул багытта өнүгүүгө тоскоол болгон аргументтерди эске алышкан.

“Бардык маселелер боюнча биз консенсуска келдик. Биринчи маселе боюнча, эсептерде каражаттарды сактоо суммасына белгилүү бир чектөө киргизилди. Ошентип, калдык катары эң көп болгондо 15 миң сом сактоого болот”, - деп маалымдады Күренкеев.

Ошондой эле каражаттарды айлантуу боюнча чектөөлөр киргизилди: бир колдонуучу үчүн жүгүртүү 30 миң сомдон ашпоосу кажет.

“Ар бир капчыктагы каражаттын сакталышы үчүн өнөктөш-банк же КР УБ лицензиясы бар компания жооп берет. Бул жагынан алганда каражаттар коргоодо турат. Мындай шартта алар толук бойдон КР УБ тарабынан көзөмөлдөнөт”, - деп белгиледи Күренкеев.

Мындан тышкары, ал уюлдук операторлор өз тарабынан үч жолку депонирлөө боюнча кошумча чараларды камсыздашты: капчыктардын жана уюлдук байланыштарынын колдонуучуларынын эсебиндеги калдыктардын 10% кошумча түрдө резервделип, гарант түрүндө сакталат.

“Ал эми электрондук капчыктардагы бардык жүгүртүүлөр 100% банктык эсептерде кошумча резервдер катары резервделет. Ошону менен укуктук, финансылык жана техникалык тобокелдиктерден коргоонун көп баскычтуу системасы түзүлөт”, - деп билдирди Күренкеев.

Пикир

Оставить комментарий