• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

УКМК: "Айчүрөк" соода борборунун ээси Анвар Маметовдун иши токтотулду

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.07.24. /Кабар/. Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобун каржылаганы боюнча кылмыш иши козголгон "Айчүрөк" борбордук универмагтын ээси Анвар Маметовдун иши токтотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүш материалдары боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында Кыргызстандын ири ишкерлеринин бири - Маметов (Габбазов) Анвар Илшатович тарабынан "мыйзамдагы ууру" К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун ишин каржылоонун айрым фактылары аныкталган.

2024-жылдын 16-июлунда А.Маметов Кыргызстандын аймагына келип, анын активдүү катышуусу менен тергөө органдары менен бир катар тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча А.Маметовго карата мурда коюлган айыптар уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө жана каржылоосуна катышы жоктугу аныкталып, сотко чейинки өндүрүш токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий