• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

УКМК: Айрым микрокредиттик уюмдардын иши текшерилет

Коом 0

Бишкек, 18.09.24. /Кабар/. Айрым микрокредиттик уюмдардын иши текшерилет. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат карыз алуучулардан келип түшкөн даттанууларга байланыштуу ири жеке микрокредиттик уюмдардын иши төмөнкү жагдайларга байланыштуу текшерүүгө алынарын эскертет:

– жеке жана юридикалык жактарга насыя берүүдө пайыздык ченемдердин сакталбагандыгы (жылдык 33% дан көп эмес);

– жеке жана юридикалык жактарга кредит берүү жол-жоболору бузулган учурда (Кредиттин максималдуу суммасына карата талаптарды айланып өтүү үчүн кредит берүүнүн бытырандылык фактылары бар);

– милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу максатында көзөмөлдөөчү органдарга жалган маалыматтарды (отчетторду) берүү;

Ошону менен бирге УКМК жеке жана юридикалык жактарды кредиттөө чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын талаптарын бузуу кылмыш-жаза жана башка жоопкерчиликке алып келерин эскертет.

Пикир

Оставить комментарий