• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

УКМК акчаны мыйзамсыз кымырып алган Сот департаментинин кызматкерлерин кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.07.24. /Кабар/. Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин кызмат адамдары тарабынан акча каражаттарын ыйгарып алуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө 4 млн 667 миң 672 сом өлчөмүндөгү акча каражатын "Мыйзамсыз ыйгарып алуу” фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Сот департаментинин алименттер боюнча бөлүмүнүн башчысы (департаменттин соттук аткаруучулар кызматтык түзүмдөрүн көзөмөлдөө башкармалыгынын мурдагы башчысы) Ж.М.О. жана Биринчи Май районунун сот аткаруучусу М.К.М. кармалды.

Тактап айтканда, 2016-жылы КР жараны Н.С. үйүн күрөөгө коюу менен "Кыргызстан" коммерциялык банкынан 150 миң АКШ доллары өлчөмүндө насыя алган. Кийин аталган кредитти өз убагында төлөй албай калгандыктан, 2022-жылы Н.С.нын үйү банк өкүлдөрү тарабынан аукционго коюлган. Мында, үйдү сатуудан кийинки айырма банктын өкүлдөрү тарабынан кредиттик карызды төлөгөндөн кийин сот аткаруучулар кызматынын Биринчи Май бөлүмүнүн депозиттик эсебине чегерилип, анда кызматкерлер Н.С.га акча каражаттарын которууга тийиш болгон.

Бирок, Ж.М.О. жана М.К.М. ич ара сүйлөшүп алып, Н.С.нын атынан ишеним катты жасалмалоо аркылуу каражаттарды толугу менен ыйгарып алышкан.

Учурда кармалган жарандар КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, андан аркы тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Мындан тышкары, аталган мыйзамсыз ишке тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий