УКМК: Арашан айылында көрүстөндүн аймагында курал-жарак сакталган жай табылды

Укук тартиби 0


Бишкек 25.12.23. /Кабар/. Аламүдүн районунун аймагынан уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөлөрүнө таандык курал-жарактарды сактоочу жай табылды, деп билдирет КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө уюшкан кылмыштуу топтордун ишин аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган, ошондой эле бир катар буйрутма киши өлтүрүүлөрдүн бетин ачуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, маркум криминалдык авторитет К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү тарабынан жасалган, курал-жарактардын жана жардыргыч заттардын арсеналы менен катылган жашыруун жай табылды.

Такталган боюнча, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айылында жайгашкан көрүстөндүн аймагындагы жогоруда көрсөтүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча мүрзө таштарынын биринен эки боз полипропилен баштык табылган.

Табылган баштыкты текшерүү учурунда ар кандай ок атуучу куралдар, ар кандай калибрдеги тапанчалар, Калашников автоматы, кесилген жылмакай куралдар, ок-дарылары менен жана жардыргыч заттар табылып алынды.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жогоруда аталган курал-жарактар алынып, тиешелүү экспертизага жөнөтүлөт.

Учурда КР УКМК тарабынан аталган курал-жарак кампасына тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан жасалган келишимдик жана бети ачылбаган адам өлтүрүүлөрдө пайдалануу болгондугу боюнча керектүү ыкчам издөө иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий