• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

УКМК: Байтик айыл өкмөтүнүн имаратынын бир бөлүгү мамлекетке кайтарылды

Коом 0

Бишкек, 24.09.24. /Кабар/. Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтүнүн имаратынын 38 млн 249 миң сомдук бөлүгү мамлекеттин менчигине кайтарылды

УКМК тарабынан текшерүү иш-чараларынын натыйжасында Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айыл өкмөтүнүн имаратынын экинчи кабаты, жалпы аянты 568,6 чарчы метр мамлекеттин балансына кайтарылды.

2009-жылы Аламүдүн мамкаттоонун кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен Байтик айыл өкмөтүнүн административдик имаратынын 2-кабатына жеке менчик укугу мыйзамсыз ажыратылып, укук белгилөөчү документтерди берүү менен "Эн Эр Групп Дженерал Трейдинг Ко" ЖЧКсына катталган.

Азыркы учурда "Байтик-Ынтымагы" жана "Эн Эр групп Дженерал Трейдинг Ко" ЖЧКсынын өкүлдөрү тарабынан бааланган наркы 38 млн.249 миң сом болгон жогоруда айтылган кыймылсыз мүлк объектиси Аламүдүн районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансына кайтарылды.

УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген объекттерди аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча иштерди улантууда.

Пикир

Оставить комментарий