• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

УКМК: Бишкек ТЭЦин модернизациялоого чынында 275 млн доллар кеткен

Коом 0

Бишкек, 14.02.19. /Кабар/. "Тергөөнүн жүрүшүндө Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ - ТЭЦ) модернизациялоого чынында 275 млн. доллар кеткенин аныктадык", - деп билдирди Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Башкы тергөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Самидин уулу Сагынбек.

Анын айтымында, муну эксперттер аныктап чыккан. "Келтирилген зыян 111 млн. долларды түзгөн", - деди ал.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊеште "Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себептерин изилдөө жана Бишкек ЖЭБин калыбына келтирүү үчүн алынган 386 миллион доллар өлчөмүндөгү насыянын пайдаланылышын териштирүү боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндөгү" ЖКнын токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу өкмөттүн маалыматы угулууда.

Пикир

Оставить комментарий