• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

УКМК: Бишкекте мыйзамсыз иштеген 4 диний лагердин ишмердүүлүгү токтотулду

Коом 0

Бишкек, 19.07.24. /Кабар/. Бишкектин аймагында мыйзамсыз иштеп келген төрт диний балдар лагеринин ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК диний чөйрөдөгү тартипти камсыз кылуу, ошондой эле мыйзамсыз диний иштерге, экстремисттик жана террористтик көрүнүштөргө каршы аракеттенүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чараларынын алкагында Бишкек шаарынын аймагында белгиленген тартипти бузуу менен уюштурулган төрт диний балдар лагеринин ишмердигине бөгөт койду.

Мыйзамсыз иштегени аныкталган диний лагерлерде жалпысынан 6 жаштан 17 жашка чейинки 120 бала жана кыздар окуудан өтүшкөн. Ошол эле учурда аталган мекемелер өз ишмердүүлүгүн КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясында каттоосуз жүргүзүшкөн.

Комиссиялык текшерүүнүн жүрүшүндө балдардын билим берүү жана эс алуу жайларында санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталышы, алардын тамактануусун уюштуруу, билим берүү программаларынын иш жүзүндө жоктугу жана башка одоно мыйзам бузуулар аныкталган.

Мындан тышкары, балдарды дин маселелери боюнча жетиштүү билимге ээ болбогон жаштар окутушкан.

Учурда иликтөө иштери жүрүп, жыйынтыгында аталган мекеменин уюштуруучуларынын жана алардын ишине оозеки уруксат берген мекемелердин жана казыяттардын ишмердүүлүгүнө юридикалык баа берилет. Учурда жогоруда аталган диний лагерлердин ишмердүүлүгү токтотулду.

Маалымат үчүн: "Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө" КР мыйзамынын 5-беренесинин 4-пунктуна ылайык, балдарды диний уюмдарга тартууга жол берилбейт.

УКМК ата-энелерге балдарын ар кандай диний мекемелерге, анын ичинде балдардын диний лагерлерине берээрден мурун, балдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, диний объекттин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштешинин мыйзамдуулугун текшерүү зарыл экенин эскертет.

Пикир

Оставить комментарий