УКМК: Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 15.07.23. /Кабар/. Камчы Асанбектин (Камчы Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүрүшүндө Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында жалган ишкердик фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында күн мурун, 14-июлда Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды.

Тактап айтканда, уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү "Узун Улан" каймана аты бар У.Барчакеевдин аталаш бир тууганы, К.Асанбектин коопсуздук кызматынын башчысы - С.А.С., ошондой эле уюштуруучусу Т.К.Б. кармалды, алар жалган финансылык документтерди жасоо менен өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуунун мыйзамсыз схемасын уюштурушкан, андан 151 млн сом зыян келтирилген.

Айта кетсек, жалган фирмаларды салык органдарына каттатуу менен, алар ЕАЭБ өлкөлөрүнө "Ак-Тилек" жана "Чалдавар" автожол бекеттери аркылуу товарларын экспорттоп ташып келишкен.

Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалгандар УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий