• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

УКМК Бишкектин райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчисин кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.07.24. /Кабар/. Октябрь райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК Эсептөө палатасынын мамлекеттик инспекторуна карата мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын Октябрь райондук билим берүү башкармалыгында опузалоо фактысы боюнча жаңы фигурантты аныктады.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын март айында Эсептөө палатасынын маминспектору жалпы билим берүүчү мектептердин жана мектепке чейинки мекемелердин жетекчилеринен пара алып жаткан жеринен кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө ал Октябрь райондук билим берүү башкармалыгын текшерүү учурунда отчетто каржылык одоно мыйзам бузууларды көрсөтүү шылтоосу менен акча талап кылганы аныкталган. Тактап айтканда, аталган инспектор тийиштүү акчаны алгандан кийин 22 билим берүү мекемесинин каржы-чарбалык ишмердүүлүгүн текшерүүгө албоо ниетин билдирип, жыйынтыгында окуучулардын ата-энелеринен ар кандай шылтоолор менен акча каражаты талап кылынган.

Тергөөнүн жүрүшүндө Бишкек шаарынын Октябрь райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Э.Л.М. тарабынан билим берүү жана мектепке чейинки мекемелердин жетекчилерин ар кандай жолдор менен акча каражаттарын мыйзамсыз чогултууну уюштурууга мажбурлаганы аныкталган.

Тактап айтканда, мектеп жана бала бакчалардын директорлору тарабынан мектептерден 25 миң сомдон, бала бакчалардан 20 миң сомдон алынып, жалпысынан 189 миң сом жана 5 100 АКШ доллары чогултулган. Аталган акча каражаты Э.Л.М.га которулуп, ал маселени оң чечүү, аныкталган мыйзам бузууларды жашыруу жана текшерүүнү андан ары формалдуу жүргүзүү үчүн акча каражатын КР Эсеп палатасынын мамлекеттик инспектору М.Ф.К.га берүүгө тийиш болгон.

Буга байланыштуу, тандалган материалдардын алкагында КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1,2-пункту менен кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын Октябрь райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Э.Л.М. КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий