• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

УКМК Чүй облусундагы 353 га өнөр жай багытындагы жерди мамлекетке кайтарды

Коом 0


Бишкек, 21.08.24. /Кабар/. Чүй облусунда базар баасы 4 млрд 7 млн 77 миң сомду түзгөн 353,3 га өнөр жай багытындагы жерлер мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан Кемин районундагы мурда мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик объектилерди аныктоо жана кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, базар баасы 4 млрд 7 млн 77 миң сомду түзгөн 353,3 га өндүрүштүк жерлер аныкталып, мамлекеттин балансына Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине (ММБМА) кайтарылды.

Тиешелүү текшерүү иштеринин жүрүшүндө, КР ЖКнын турак-жай комплексинин мурдагы депутаты М.Н.К. аффилирленген компаниялар аркылуу мамлекеттик өнөр жай жерлерин жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп беришкен.

Учурда УКМК КР мамлекеттик мүлкүн мыйзамсыз менчиктештирүү фактыларын аныктоо боюнча иштерди улантууда.

Пикир

Оставить комментарий