• 87
  • 90.41
  • 0.84

УКМК: Чүй райондук милициясынын улук тергөөчүсү пара менен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.03.21. /Кабар/.Чүй райондук милициясынын улук тергөөчүсү пара менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 18-мартында УКМК укук коргоо системасындагы кызматкерлердин арасында коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюу боюнча иштердин алкагында Чүй облусунун Токмок шаарында 40 миң сом пара алып жаткан жеринен Чүй районунун ички иштер бөлүмүнүн улук тергөөчүсү А.у.Ч.ны кармады.

Кармалган кызматкер алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш материалдарын токтотуу үчүн жергиликтүү жашоочудан 2 миң доллар өлчөмүндө пара талап кылган.

Аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш материалдары КР Жазык кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган жаран КР УКМКнын убактылуу кармоо жайына камалды.

Азыркы учурда УКМК тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чараларын улантууда.

Пикир

Оставить комментарий