УКМК: Чүйдө диний-экстремисттик агымдын 16 мүчөсү кармалды

Коом 0

Бишкек, 04.06.24. /Кабар/. Чүй облусунун аймагында "Йакын-Инкар" диний агымынын активдүү мүчөлөрү жана жактоочулары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызматтын алдын ала маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын 31-майында УКМК менен ИИМ биргеликте Чүй облусунда тыюу салынган "Йакын-Инкар" диний агымынын активдүү мүчөлөрү жана жактоочулары жашаган жеринде издөө иштерин жүргүзүп, алдын ала маалыматтар боюнча экстремисттик идеологияны үгүттөөчү көп сандагы басылмалар, электрондук маалымат каражаттары (компьютерлер, флешкалар жана башка) табылып алынган.

Жыйынтыгында тыюу салынган кыймылдын 16 мүчөсү кармалып, алардын ичинен өзүн мусулмандардын "халифасы" деп эсептеген М.Б.М. КР Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренесинин 2-бөлүгүнүн ("Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо") негизинде айыпталуучу катары тартылып, Юстиция министрлигинин алдындагы Жазаларды аткаруу кызматынын №1 тергөө камак жайына киргизилген.

Калган жарандарга тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий