• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

УКМК: Чек арадан 4,3 млн сомдук контрабандалык дары-дармек аныкталды

Коом 0

Бишкек, 22.06.23. /Кабар/. Чек арадан 4,3 млн сомдук дары-дармек түрүндөгү контрабандалык жүк кармалды, деп билдирет Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан контрабандага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кадамжай районунун аймагында Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн алынып келинген дары-дармек каражаттарын Өзбекстандын аймагына контрабандалык жол менен алып өтүү жүзөгө ашырылып жаткандыгы аныкталды.

УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн тиешелүү иш-чаралардын жыйынтыгында, 2023-жылдын 4-июнунда Кыргызстандын жараны - Ноокат районунун Т.М.М. аттуу тургунунун башкаруусундагы мамлекеттик номуру 02kg076AEC болгон "Дэу-Нексия" үлгүсүндөгү унаа кармалып, текшерүү учурунда унаадан 8 кутуча дары-дармек түрүндөгү контрабандалык жүк табылган.

Мындан тышкары, унаа өткөн мамлекеттик чек ара тилкесинде тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө кошумча 127 куту дары-дармектер табылган, аны экинчи унаа түшүрүп, белгисиз багытта жүрүп кеткен.

Кармалган аткезчилик жүктүн базар баасы болжол менен 4 млн 406 миң 380 сомду түзөт.

Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий