УКМК чек арадан мыйзамсыз өтүп жүргөн туруктуу каналга бөгөт койду

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.06.21. /Кабар/. Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүп жүргөн туруктуу каналга бөгөт коюлду, - деп кабарлайт Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, УКМК жана УКМК чек ара заставасынын кызматкерлери менен биргеликте, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү үчүн туруктуу каналдарды түзгөн адамдардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 358-беренеси («Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү») жана 43-берене («Кылмышка кошо катышуу») боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Талас облусунун Манас районунун «К.Б.Ш.», «Д.Р.А.» жана «М.А.У» аттуу 3 жергиликтүү тургуну аныкталып кармалышты.

Такталган маалыматка ылайык, аталган тургундар чек араны контролдоо пунктунан тышкары жерден Кыргызстандын Казакстан менен мамлекеттик чек арасынын кесилишинен жарандардын мыйзамсыз алып өтүүгө акча каражаттарын алып өткөрүү боюнча туруктуу канал түзүп алышкандыгы аныкталды..

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн материалдары кошумча кароо үчүн сотко жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий