• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

УКМК: Чыр-чатак аймактарга кыргызстандыктарды жөнөтүүнү пландаган чет элдик жаран кармалды

Укук тартиби 0

БИШКЕК, 11.08.17. /Кабар/. Кыргызстандыктарды жаңжал чыккан кооптуу жайларга жөнөтүүнү көздөп жүргөн эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү, чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы билдирди.

УКМКнын контртеррористтик иш-аракеттерине ылайык, КМШ өлкөлөрүнүн биринин “Ф.У.А.” аттуу жараны кармалган. Ага бир катар жасаган кылмыштары үчүн издөө жарыяланган болчу.

Кармалган жаран эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү жакынкы чыгыш өлкөлөрүнө жарандарды жөнөтүп туруу максатында Кыргызстанда калууну чечкен.

“Ф.У.А” түзүлгөн тартипке ылайык тиешелүү мекемелерге өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий