УКМК эл аралык баңги каналына бөгөт койду

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.04.24. /Кабар/. УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында баңги затын коңшу мамлекеттерге жеткирүү боюнча эл аралык канал уюштурган баңги сатуучу кармалды.

Ведомстводон билдиришкендей, жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө М.Ж.Н. аттуу жарандын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп, жалпы салмагы 366,48 грамм болгон афган тектүү "чарс" баңги каражаты табылды. Такталган маалыматтарга ылайык, аталган жарандын үйү ташылып бара жаткан баңги заттар үчүн база катары кызмат кылып, жума сайын болжол менен 2 кг гашиш өтүп турган.

2024-жылдын 17-апрелинде тергөө амалдарынын жүрүшүндө М.Ж.Н. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Эскерте кетсек, УКМК баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөштү улантууда.

Пикир

Оставить комментарий