• 87
  • 90.63
  • 0.79

УКМК эл аралык баңги тобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.12.24. /Кабар/. Өзгөчө ири өлчөмдө синтетикалык баңгизаттарды ташуу жана сатуу менен алектенген эл аралык баңги тобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат эл аралык баңгиканалга бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чаралардын жүрүшүндө Россия - Казакстан - Кыргызстан каттамы боюнча өзгөчө ири өлчөмдө синтетикалык баңгизаттарды ташуу жана сатуу менен алектенген эл аралык баңги топторунун иши аныкталып, ага бөгөт койду.

Өткөн айда Бишкек шаары жана Чүй облусунун аймагында ыкчам-издөө иш-чараларынын жүргүзүү процессинде "Принцесса-Дури" интернет-дүкөнү аркылуу кылмыш иштерин жүргүзгөн Кыргызстандын 9 жараны кармалган. Тинтүүнүн жүрүшүндө жалпы салмагы 8 кг 700г болгон 52 млн 200 миң сомдук "мефедрон", "клефедрон" жана "туз" синтетикалык баңгизаттары табылып алынган.

Мындан тышкары, аталган факты боюнча КР жарандары кармалган, ал кармалгандар, таркатылган баңги заттарынын карыздарын өндүрүү үчүн жана аталган баңгиканалдын уюштуруучуларынын буйрутмаларын так аткарбагандары үчүн "баңги затты катуучуларын" күч колдонуу аркылуу жазалоо менен алектенгени аныкталды.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, кармалгандардын баары баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына жана Бишкек шаардык №1 тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда аталган баңгиканалдын башка катышуучуларын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары улантылып жатат.

УКМК тарабынан баңги жана психотроптук заттарды жок кылуу боюнча бирдиктүү пландын алкагында, башка өлкөлөр менен өнөктөштүк каналдар аркылуу кызматташуу, ошондой эле Кыргызстанда "Принцесса-Дури" баңги каналын жабуу боюнча толук масштабдуу иштер жүргүзүлүүдө.

Атайын кызмат баңгизаттарды тараткандыгы үчүн мүлкүн конфискациялоо менен 15 жылга чейин эркинен ажыратуу түрүндөгү кылмыш жоопкерчилиги бар экендиги тууралуу эскертет. Ошондой эле УКМК жарандардан баңги каражаттарды жана психотроптук заттарды таратууга байланыштуу бардык белгилүү фактылар тууралуу төмөнкү телефон номерлерге: (0312) 66-04-75, (0312) 62-65-04 кабарлоону суранат.

Пикир

Оставить комментарий