• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

УКМК: Эл аралык баңги тобунун мүчөсү 15 кг баңгизат менен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.07.24. /Кабар/. Эл аралык баңги тобунун мүчөсү 15 кг баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат Тажикстан-Кыргызстан-Өзбекстан багыты боюнча эл аралык баңги каналын уюштурган уюшкан кылмыштуу баңги тобунун ишмердүүлүгүн аныктады.

Тактап айтканда, 21-июлда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын аймагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында эл аралык баңги тобунун мүчөсү, чет мамлекеттин жараны Д.М. кармалып, андан жалпы салмагы 15 кг 0,054 граммды түзгөн (базар баасы 6 млн 500 миң сом) 15 брикет кара куурай чайыры (гашиш) алынган.

Тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча Д.М. баңгизат каражаттарын кийин сатуу максатында Өзбекстандын Фергана облусуна өткөрүп берүү ниетин мойнуна алган. Мындан улам, 22-июлда Ош шаардык соту тарабынан Д.М. карата 2024-жылдын 16-сентябрына чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып алынды.

Учурда аталган кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып, башка тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий