• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

УКМК: Эл аралык террордук уюмдун согушкери кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.04.19. /Кабар/. Издөөдө жүргөн эл аралык террордук (ЭТУ) уюмдун согушкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен биргеликте Сириядагы ЭТУ согушкери деп шектелип, издөөдө жүргөн 1991-жылкы“А.у.А.” аттуу Кыргызстандын жараны кармалган.

undefined

Алдын ала маалыматка ылайык, кармалган адам 2016-жылы эл аралык террористтик топко кирип, Сирия аймагындагы диверсиялык даярдыктан өтүп, согуш аракеттерине катышып келгени аныкталган.

"2018-жылдын ноябрь аййында аталган А.у.А. ЭТУ башчыларынын тапшырмасын алып, колго жасалган жардыргыч заттарды жана ок атуучу куралдарды колдонуу менен террордук чабуулдарды ишке ашырууну көздөп, жашыруун ячейка түзүү жана Сириядан согушкерлердин келүүсүн күтүп Борбордук Азия өлкөлөрүнөн “куралдуу жихад” жүргүзүү максатында Сирия аймагынан келген", - деп кабарлашты УКМКдан.

Кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий