• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

УКМК: Эл аралык террордук уюмдун жактоочулары кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 18.07.24. /Кабар/. Эл аралык террордук уюмдун жактоочулары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы менен биргеликте К.Б.К., И.А.Б. жана К.у.У. аттуу эл аралык террордук уюмдун жактоочулары кармалып, Кыргызстанга алып келинди.

Аталган жарандар жаштарды өз катарына тартуу максатында социалдык тармактарда террористтик идеологияны жайылтып жүргөн радикалдык топтун мүчөлөрү экендиги аныкталган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, таркатылып жаткан фото жана видеоматериалдарда "Халифат" “террористтик аракеттерге ачык чакыруу”, “улуттук, расалык, этностук, диний жана региондор аралык кастыкты козутуу” жана “конституциялык түзүлүштү бузуу менен конституциялык түзүлүштү кулатуу” белгилери камтылган.

Топтун лидерлеринин бири К.Б.К. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий