Бишкек, 30.07.19. /Кабар/. Эсептөө палатасынын башкы инспектору А.Н., кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган факты аныкталган. Ал Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигиндеги кызматкерлердин каржылык мыйзам бузууларын жаап-жашырган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
УКМКдан белгилешкендей, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнүн 2019-жылдын 25-июнундагы токтомуна ылайык, Эсептөө палатасынын А.Н., аттуу мамлекеттик инспекторуна Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин кызматкерлерине 2019-жылдын январь-май айларынын аралыгындагы эмгек акыларды жана башка төлөмдөрдү эсептөө жана ошондой эле кызматтык транспорт боюнча акча төлөмдөрүнүн негиздүүлүгүн текшерүү дайындалган.
"А.Н., мамлекеттин кызыкчылыгына каршы, өзүнүн кызмат абалынан пайдаланып, текшерилүүчү кызматкерлердин бюджеттик каражатты пайдалануудагы каржылык мыйзам бузууларын атайын жашырган. Ушуну менен бирге, мамлекеттик аудит өткөрүү боюнча мыйзамды бузуп, А.Н., документтердин көчүрмөсүнө таянып корутунду чыгарганы аныкталды", - деп айтылат маалыматта.
УКМКнын билдиргени боюнча, Эсептөө палатасынын башка инспектору кошумча текшерүү жүргүзүп, анын жыйынтыгында А.Ндин жалган корутундусу четке чыгарылып, каржылык мыйзам бузуулар жөнүндө жүйөлүү корутунду берилген.
"Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен 2019-жылдын 27-июлунда Эсептөө палатасынын башкы инспектору А.Н., КР Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси боюнча айыпталып, Биринчи май райондук соту тарабынан УКМКнын Тергөө абагына 1 айлык мөөнөткө камакка алуу баш коргоо чарасы белгиленди", - деп айтылат маалыматта.
Пикир
Оставить комментарий