• 87
  • 90.41
  • 0.84

УКМК: Пара талап кылууга шектелип Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.03.24. /Кабар/. Өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылууга шектелип Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы кармалды, деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.

Тактап айтканда, 20-мартта Свердлов райондук сотунун судьясы К.А.К. жана ортомчу болуп иштеген адвокат Г.М.В. өзгөчө ири өлчөмдө, тактап айтканда 12 миң АКШ долларын опузалап пара талап кылгандыгы аныкталган.

Жүргүзүлүп жаткан атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө судья жактоочу менен жашыруун сүйлөшүү жүргүзүү максатында, видеокөзөмөл камералары жок болгон жерлерде, тагыраагы өзүнүн дааратканасында жолугушууларды өткөргөндүгү, ал жерде соттук актыларды алардын пайдасына оң чыгаргандыгы үчүн айрым айыпталуучулардан алган акчалай сый акыларын өз ара бөлүштүргөндүгү такталган.

Үстүбүздөгү жылдын 21-мартында судья К.А. К. Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун токтому менен 20-майга чейин КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда УКМК Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жетекчилиги менен биргеликте сот бийлигиндеги коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий