УКМК Көлбаевдин кылмыштуу тобун каржылаган ишкерди кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.06.24. /Кабар/. Камчы Асанбек (Көлбаевди) уюшкан кылмыштуу тобун каржылоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында "Братский круг" эл аралык кылмыштуу тобуна кирген К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун "Бишкек Нефть Компаниясы" ЖАКтын май куюучу станциялар тармагынын негиздөөчүсү жана ээси Н.А.М. тарабынан каржылоо фактысы аныкталды.

Кылмыш ишинин алкагында Н.А.М. "Мыйзамдагы ууру" Камчы Асанбек менен ишкерликти жүргүзүү үчүн колдоо алуу максатында байланыш түзгөндүгү, бул үчүн анын кылмыш ишин бир нече жолу каржылагандыгы жөнүндө далилдер алынды.

Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК тарабынан учурда аталган кылмыш ишинин алкагында жогорудагы укукка каршы жосундарга тиешеси бар адамдардын чөйрөсүн аныктоого багытталган тиешелүү иш-чаралар улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий