• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

УКМК Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар дагы бир адамды кармады

Укук тартиби 0


Бишкек, 11.10.23. /Кабар/. К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу топторунун иш-аракеттерине каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаранын алкагында 1969-жылы туулган П.О.В. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө П.О.В. аттуу жарандын үйүндө жана иш бөлмөсүндө, ок атуучу куралдардын гильзалары, бычактар жана мамлекеттик маанидеги көп сандагы документтер (паспорт, диплом ж.б.) табылып алынган. Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен П.О.В. КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Мындан тышкары, П.О.В. фирмаларынын каржылык ишмердүүлүгүн текшерүүгө буйрук берилди.

Учурда уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий