• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

УКМК: Кочкор-Атада шаардын жолдору жеке менчикке мыйзамсыз сатылып кеткен

Укук тартиби 0


Бишкек, 04.04.24. /Кабар/. Кочкор-Ата шаарында шаар жолдору жеке менчикке мыйзамсыз сатылып кеткен. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын, архитектура жана кадастр башкармалыгынын жооптуу адамдары тарабынан жеке жактарга жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактыларын аныктады.

Тактап айтканда, 1996-жылдан 2015-жылга чейин борбордук көчөлөрдөгү коммерциялык объектилерге жер тилкелери мыйзамсыз берилген.

Кочкор-Ата шаарынын 1986 жана 2021-жылдары бекитилген башкы планына ылайык, Пионерская көчөсү боюнча Ош - Бишкек автотрассасына чейин үзгүлтүксүз автожол тартылган. Октябрь көчөсү боюнча Гагарин көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейин да дал ошондой жол болгон.

Мындан улам аталган көчөлөрдө учурда 41 соода түйүнү мыйзамсыз иш алып барып, тынымсыз унаа тыгынын пайда кылууда.

Жогорудагы фактылар боюнча ушул жылдын 2-апрелинде Ноокен районунун "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин адиси О.Д.Ы. кармалып, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына киргизилди.

Учурда бул мыйзамсыз аракеттерди жасоого тиешеси бар башка кызмат адамдарын кылмыш жоопкерчилигине тартууга, ошондой эле Кочкор-Ата шаарындагы шаар ичиндеги жолдордун нормалдуу иштеши үчүн жер тилкелерин мамлекетке кайтарууга багытталган комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий