• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

УКМК: Коррупция фактысы боюнча ЖК депутаты Дүйшөн Төрөкулов кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.01.21. /Кабар/. Коррупция фактысы боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

УКМК Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси (Коррупция) боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштү иликтөөдө.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө УКМК 2021-жылдын 15-январында Ош шаарында ЖК депутаты Дүйшөн Төрөкуловду кармады. Ошол эле учурда, УКМК менен ИИМдин тергөө кызматынын биргелешкен ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмыштуу топтун дагы бир мүчөсү Жантай Шаменов Чүй облусунун аймагында кармалган.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен Төрөкуловго УКМКнын тергөө абагына 2 айлык мөөнөткө камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы каралган.

Шаменов Жазык-процесстик кодексинин 98-беренеси боюнча УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий