УКМК кыргызстандыктарды Улуу Жеңиш күнү менен куттуктады

Коом 0

Бишкек, 09.05.22. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) жетекчилиги жана өздүк курамы Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктайт.

Куттуктоонун текстинде төмөндөгүдөй айтылат:

“Урматтуу мекендештер! Сиздерди Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктайбыз. Миллиондогон адамдардын өмүрү, талыкпай жасаган каарман эмгеги, жалпы эл-журтубуздун жакшылык эңсеген тилеги аркылуу келген бул тынчтык күн Жеңиши ар бирибиздин тагдырыбызга терең из калтырып, тарыхка түбөлүк өчкүс болуп жазылган.

Каарман аталарыбыздын жана энелерибиздин, агаларыбыз менен эжелерибиздин, бардык боордош ак дилдүү адамдардын келечек үчүн, урпактар бак-талаайы үчүн жасаган бул улуу тилек салтанаты бизди көп нерсеге милдеттендирет. Улуу муундагылардын ушундай жашоо идеалына ар качан татыктуу бололу!

Бардыгыңыздарды Улуу Жеңиш күнүндө чын жүрөктөн куттуктап, аманчылык, ден соолук, асманыбыз ачык болуп, өлкө бакыбатчылыгынан үзүр табышыңыздарга тилектешпиз!”.

Пикир

Оставить комментарий