УКМК: Кыргызстандын аймагында "Нелегал-2024" операциясы жүрүп жатат

Коом 0

Бишкек, 05.06.24. /Кабар/. Кыргызстанда "Нелегал-2024" операциясы жүрүп жатат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК Ички иштер министрлиги менен биргеликте 2024-жылдын 3-июнунан 9-июнуна чейин өлкөдөгү мыйзамсыз миграция каналын аныктоо жана бөгөт коюуга багытталган "Нелегал-2024" республикалык масштабдагы ыкчам-издөө иш-чараларынын комплексин жүргүзүп жатат.

"Нелегал 2024" операциясы ЖККУга мүчө мамлекеттердин үчүнчү өлкөнүн жарандарынын мыйзамсыз миграциясына каршы жамааттык системаны калыптандыруу боюнча иш-аракеттер планынын алкагында жүргүзүлүүдө.

Аталган операциянын алкагында, үстүбүздөгү жылдын 3-июнунда Бишкек шаарында УКМК тарабынан КР аймагында жүрүү мөөнөтү өтүп кеткен, ишкердиктин ар кандай чөйрөлөрүндө эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзгөн 16 чет өлкөлүк жаран аныкталды.

Чет өлкөлүк тартип бузуучулар Ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүнө тиешелүү административдик жоопкерчиликке тартуу үчүн, (анын ичинде аларды Кыргызстанга чакырган адамдар жана уюмдарга карата) өткөрүлүп берилди.

Ыйгарым укуктуу органдар мыйзамсыз миграцияга бөгөт коюу боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын улантууда.

Пикир

Оставить комментарий