УКМК: Кыргызстанга мыйзамсыз кирүүгө аракеттенген Бангладештин 11 жараны кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.07.24. /Кабар/. Кыргызстанга мыйзамсыз кирүүгө аракеттенген Бангладештин 11 жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, Бангладештин жарандары 25-июнда УКМКнын Чек ара кызматы Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгы менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Өзбекстандан Кыргызстанга чек араны мыйзамсыз кесип өтүп жаткан учурда кармалган.

Белгиленгендей, 8-июнда Бангладештин жарандары Өзбекстанга иштөө максатында келишкен, бирок жумуш таппай, белгиленген мамлекеттик чек ара бекеттерин айланып өтүү менен Кыргызстандын аймагына өтүүнү чечкен.

Бангладештин жарандары менен биргеликте мыйзамсыз миграциялык канал уюштурган Кыргызстандын Н.А.И. аттуу жараны кармалды.

Учурда мыйзамсыз миграциялык каналды уюштурууга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий