• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

УКМК кызматкерлеринин мамлекеттик мекемелердин ишине кийлигишүүсүнө катуу тыюу салынды

Коом 0

Бишкек, 04.10.24. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев УКМК кызматкерлерине мамлекеттик мекемелердин ишине кийлигишүүсүнө катуу тыюу салды.

Мыйзамдуулукту сактоо максатында мамкомитеттин төрагасы кеңешме өткөрүп, анда УКМКнын өздүк курамына катуу эскертүү берип, мамкомитеттин жетекчилеринин жакындарынын өтүнүчтөрүн канааттандыруу үчүн мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын жана мекемелердин ишине кийлигишүүгө жол бербөө жөнүндө буйрук чыгарды.

Атайын кызмат жетекчилердин жакын туугандарынын өтүнүчтөрүн канааттандыруу максатында мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын жана мекемелердин ишине УКМК кызматкерлеринин кийлигишүүсүнө жол берилбестигин эскертет.

"Учурда УКМК атайын кызматтын кызматкерлерине мүнөздүү болгон жогорку моралдык-адеп-ахлактык рухун камсыз кылуу жана колдоо боюнча өздүк курам арасында күчөтүлгөн иштер жүрүүдө. Анын алкагында мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө негизсиз кийлигишүүгө жол бербөө үчүн тартипке карата талаптар күчөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий