• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

УКМК: Өлкөдөн алтын куймаларын мыйзамсыз ташып чыгуу аракетине бөгөт коюлду

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.09.24. /Кабар/. Өлкөдөн алтын куймаларын мыйзамсыз ташып чыгуу аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан республикалык бюджетке жана баалуу металлдарды мыйзамсыз жүгүртүүгө зыян келтирген кылмыштарды аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 17-сентябрда Казакстандын аймагына бараткан "Кең-Булуң" көзөмөл-өткөрүү пунктунда "Лексус 470" үлгүсүндөгү унаа кармалды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө унаадан Кыргызстандын чегинен тышкары алып чыгуу үчүн тиешелүү документтери жок жалпы салмагы 3,3 кг алтын куймалары табылды.

Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралардын алкагында республикалык бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо, ошондой эле курамында алтын бар металлдарды контрабандалоого тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иштер уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий