• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

УКМК: Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш иштери токтотулду

Коом 0

Бишкек, 24.03.21. /Кабар/. Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановго карата сотко чейинки өндүрүш иши токтотулду. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, Бабановго карата мурда козголгон кылмыш иштерин тергөөнүн жыйынтыгында мамлекеттин, юридикалык жактардын жана жарандардын кызыкчылыктарына зыян келтирүү фактыларынын жоктугунан улам өндүрүш иши токтотулган.

"Мамлекеттин эсебине 100 миллион сом өлчөмүндө каражатты өз ыктыяры менен которуу боюнча Бабанов менен келишим түзүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий