• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

УКМК MagicCity оюн-зоок борборунун кызматкерине эсептегич ыргыткан жаранга эскертүү берди

Коом 0

Бишкек, 009.08.21. /Кабар/. УКМК MagicCity оюн-зоок борборунун кызматкерине эсептегич ыргыткан жаранга эскертүү берди, - деп кабарлайт ведомствонун басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 5-августунда Бишкектеги MagicCity балдар оюн-зоок борборунда конок А. Алимбаев менен бул борбордун кызматкери В. Углеванын ортосундагы чырдын видеосусоциалдык тармактарда пайда болгон, анда Алимбаев мас абалында В. Углевадан агрессивдүү түрдө кыргыз тилинде тейлөөнү талап кылган. А. Алимбаев В. Углеваны мамлекеттик тилди билбегени үчүн жемелеп, эсептегичти ал тарапка ыргытып жиберген.

Буга байланыштуу КР УКМК А.Алимбаевге расмий эскертүү жарыялайт, анткени Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык өлкөдө орус тили толук мыйзамдуу негизде иштейт: кыргыз - мамлекеттик тили, орус тили расмий тил.

"Теринин түсүнө, расасына, этникалык жана расалык, улуттук же диний жек көрүүчүлүккө же кастыкка карата кадыр-баркты түшүрүү КР Кылмыш -жаза кодексинин 313 -беренесине ылайык кылмыш катары каралып, 10 жылга чейин эркинен ажыратыла тургандыгын эскертебиз. Мындай фактылар болгон учурда КР УКМКнын нөөмөт бөлүмүнө 0312-62-05-85, 0312-66-04-75 кайрылыңыздар", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий