• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

УКМК: Мурдагы башкы консул Эркин Сопоков кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.11.19. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиянын Стамбул шаарындагы мурдагы башкы консул Эркин Сопоков кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирет.

Буга чейин маалымдалгандай, 2019-жылдын 22-ноябрында “Саймаити менен болгон сүйлөшүү жана анын Сопоков менен байланышы” тууралуу Kloop жана «Азаттыктын иликтөөсүндөгү» материалдардын жарыяланышы боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 39-беренсинин 1-бөлүгү жана 130-беренесинин 1-бөлүгүнүн (адам өлтүрүүгө аракет кылуу) негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган факты боюнча тергөө тобу сотко чейинки өндүрүштүк ишин баштаган.

Тактап айтканда, 2019-жылдын 28-ноябрында КР Стамбул шаарынын мурдагы башкы консулу Эркин Сопоков УКМКга суракка чакырылган.

Эскерте кетсек А.Саймаити өлтүрүлгөн жерден алыс эмес тараптан Сопоковдун дипломатиялык номердеги унаасы табылган.

"Мындан тышкары, КР Стамбулдагы консулу Э.Сопоковду комплекстүү текшерүү иш-аракеттеринин жыйынтыгында КР Башкы прокуратурасы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү иштери КР УКМК тергөө башкармалыгына жиберилген", - деп айтылат маалыматта.

Алар:

- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча катталган Э.Сопоков тарабынан дипломатиялык номери менен «Лэнд Ровер – Рэндж Ровер» маркасындагы өздүк автоунаасын А.Саймаитиге жана башка тараптарга мыйзамсыз берген фактысы,

- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (мыйзамсыз баюу) боюнча катталган Э.Сопоковдун 200 000 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатына ээ болуп, 47,6 млн. сомго турак жай сатып алып, мыйзамсыз байыган фактысы,

- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси 2-бөлүмү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча катталган Э.Сопоковдун жубайынын Стамбул шаарындагы чет өлкөлүк командировкасы үчүн төлөнгөн 30% акча каражаттарын мыйзамсыз алуу фактысы. Анткени жубайы бул учурда Стамбул шаарында жашаган эмес. Ошондой эле жалпы суммасы 31 040 АКШ доллары өлчөмүндө зыян келтирген мыйзамсыз түрдө медициналык жана өкүлчүлүк чыгымдарды алуу фактысы.

Сопоковдун катышуусунда тиешелүү тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында ал КР Кылмыш-жаза кодексинин 98-беренесинин негизинде КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Учурда аталган сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Айеркен Саймаитиге карата болгон коркутуулар боюнча маалыматтарды толук кандуу жана объективдүү жүргүзүү максатында баардык жагдайларды аныктоого багытталган тиешелүү тергөө иш -жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий