• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

УКМК мурдагы элчи Бакыт Аманбаевдин ишинин чоо-жайын айтып берди

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.11.24. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети АКШдагы мурдагы элчи Бакыт Аманбаевдин ишинин чоо-жайын ачыктады.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасына ылайык, Б.А. аттуу жаранда түшкөн арыздын негизинде, Кыргызстандын АКШ жана Канададагы мурдагы элчиси Б. Аманбаевге Б.А.нын мурда кармалган тууганына карата кылмыш ишин туура багытта чечүү үчүн 250 миң АКШ долларын опузалап талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында текшерүү башталган.

Белгилүү болгондой, арыз ээсинин сөзү боюнча Б. Аманбаев кармалган тууганынын маселесин, УКМКнын төрагасынын байланыштары аркылуу чечүүнү убадалаганын билдирген.

"Иликтөөнүн жүрүшүндө, Б.А. аттуу адам менен Бакыт Аманбаевдин ортосунда өз ара аласа-бересе болгону аныкталды. Башкача айтканда, элчи тарабынан опузалап акча талап кылынган эмес. Арыз ээсине 250 миң доллар кайтарылып, ал тосмо арыз жазып берген. Экс-элчинин аракетинде кылмыштын курамы жок", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, учурда арыздануучу Б.А. аттуу адамга карата жалган маалымат бергени боюнча текшерүү жүргүзүлүп жатканы, анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилери белгилүү болду.

Пикир

Оставить комментарий