• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

УКМК: Араванда баасы 3 млрд сомдон ашык болгон объект мамлекетке кайтарылды

Аймак 0

Бишкек, 03.10.24. /Кабар/. Араванда мыйзамсыз менчиктештирилген баасы 3 млрд сомдон ашык болгон объект мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген ишканаларга карата жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында көп убакыттан бери иштебей, чарба жүргүзүүчү субъекттердин соода аянтчасы катары пайдаланылган "Ак-Була Араван пахта заводу" ААКтын 11,14 га жер аянты мамлекеттин балансына кайтарылды. Баалоо иштеринин жыйынтыгы боюнча жер тилкесинин баасы 3 млрд 217 млн сомду түздү.

Маалым болгондой, 1997-жылы Араван районунун айрым кызмат адамдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, пахта заводун чет элдик Р.В.А. аттуу жаранга мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүп беришкени аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий