• 87
  • 91.29
  • 0.84

УКМК: Опузалап пара алуу фактысы боюнча Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкери кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 09.02.22. /Кабар/. Опузалап пара алуу фактысы боюнча Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкери кармалды, - деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.

Билдирүүдө айтылгандай, 2022-жылдын 8-февралында КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган ("Опузалап пара алуу") кылмыштын негизинде Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында пара алып жаткан жеринен КР Юстиция министрлигине караштуу ЖАКнын 47-ТМ улук ыкчам кызматкери, аскер бөлүгүнүн капитаны “О.И.К.” кармалды.

“О.И.К.” кызмат абалынан пайдаланып, коркутуу жолу менен Юстиция министрлигине караштуу ЖАКнын 47-ТМде жазасын өтөп жаткан соттолгон “А.А.Х.” акча талап кылганы аныкталган.

Ошондой эле белгилей кетүүчү нерсе, кармалган “О.И.К.” соттолгондун эркине каршы башка түзөтүү мекемесине өткөрүп берем деп коркутуу менен жана жогоруда аталган түзөтүү мекемеде жазасын өтөп жаткан терс көз караштагы соттолгондордун мүмкүнчүлүктөрү аркылуу 2021-жылдын апрелинен 2022-жылдын 28-январына чейин соттолгондон акча каражатын алып турган.

Кармалган жаран КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий