• 87.6
  • 93.91
  • 0.99

УКМК Ош шаарынын мэринин мурдагы жардамчысын кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.06.24. /Кабар/. Ош шаарынын мэринин мурдагы жардамчысы системалуу түрдө акча талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК Ош шаардык мэриясынын жооптуу кызматкери тарабынан ишкердик субъекттеринен акча талап кылуу фактысын аныктады.

Тактап айтканда, А.К.С. аттуу жаран Ош шаарынын мэринин жардамчысы болуп турган учурда коркутуу жана кысым көрсөтүү жолу менен, ошондой эле ар кандай текшерүүлөрдү уюштурууну шантаж кылып, ай сайын Ош шаарынын борбордук базарынын директорунан 400 миң сомдон акча каражатын алганы аныкталды.Мындан тышкары, ал 2023-жылы И.Н.И. аттуу жарандын 6,4 млн сом акча каражаттарын "Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө" жана "Ош шаарынын күнүнө" карата майрамдык иш-чараларды өткөрүү үчүн демөөрчүлөр тарабынан жардам чогултуу шылтоосу менен, алдоо жолу аркылуу ээлеп алган.

А.К.С. 2023-жылдын апрелинен декабрь айына чейин кесиптештеринин жана коомчулуктун белгилүү бир таасирине жана ишенимине ээ болуп, мыйзамсыз акча каражаттарын алган деп айыпталууда. Ал бул ишенимди өзүнүн жеке кызыкчылыгына пайдаланып, системалуу түрдө акчалай сыйлыктарды алып, анын ордуна өзүнүн жардамын жана колдоо көрсөтүүсүн убада кылган. Анын аракеттеринин натыйжасында мамлекетке жана коомго олуттуу зыян келтирилип, акчалай эсептегенде 10 миллион сомго чейин жеткен.

Мындан тышкары, А.К.С. кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, опузалоо жолу аркылуу Ош шаарынын башка ишкерлеринен да өзгөчө ири өлчөмдө акча алган.

2024-жылдын 30-майында А.К.С.га карата КР Кылмыш-жаза кодексинин "Өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, 2 айлык мөөнөткө УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарга карата далилдерди чогултуу жана документтештирүү боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.

УКМК А.К.С. тарабынан опузалап акча талап кылган жарандарды жана ишкерлерди УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгына (Ош шаары, Баялинов көчөсү, телефон: 7-32-32) кайрылууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий