• 87
  • 90.41
  • 0.84

УКМК: Ошто ишкерлердин акчасын алдоо жолу менен ээлеп алгандар кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 24.09.24. /Кабар/. Жеке ишкерлердин акча каражаттарын алдоо жолу менен ээлеп алган жарандар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4- бөлүгүнүн 1- пунктунда каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Ош облусунун А.М. жана Н.У.С. аттуу тургандары кармалды. Алар УКМК төрагасынын атына жамынып алып, жеке ишкерлердин ири суммадагы акча каражаттарын алдоо жолу менен ээлеп алышкан.

Мындан тышкары, Ош облусунун тургуну М.Ш.га тиешелүү болгон Ош шаарындагы батирдин бир бөлүгүн жасалма документтер менен алар тараптан мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды.

Учурда кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, мыйзамсыз аракеттердин башка фактыларын аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

УКМК ушул сыяктуу кылмыштар үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин эскертет, ошондой эле жогоруда кармалган адамдардын аракеттеринен жапа чеккен жарандарды атайын кызматка кайрылууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий