• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

УКМК Ошто майыптыгы бар адамдардан акча талап кылуу фактыларын аныктады

Укук тартиби 0


Бишкек, 12.07.24. /Кабар/. Ошто майыптыгы бар адамдардан акча талап кылуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК мамлекеттик бийлик органдарындагы коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүү боюнча тергөө-оперативдүү иш-чаралардын комплексин жүргүзүүнүн алкагында Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлигине караштуу Ош шаарынын медициналык-социалдык эксперттик комиссиясынын кызматкерлери тарабынан акча каражаттарын чогултуу фактыларын аныктады.

Тактап айтканда, Ош шаарынын медициналык-социалдык эксперттик комиссиясынын кызматкерлери бейтаптарга жасалма тоскоолдуктарды жаратып, эксперттик комиссиядан өтүү этабында, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам деп таануу жөнүндө маалым каттарды жазып берүүдө, майыптыгын аныктоо даражасына жараша 3 миң сомдон 15 миң сомго чейин акча каражатын опузалап алышкан.

Акчалай сыйлык берүүдөн баш тарткан учурда майыптуулукту жана топторду аныктоо процесси жасалма түрдө создуктурулуп, натыйжада бейтаптар бир нече ай бою эксперттик корутунду ала албай келишкен.

Чогултулган материалдардын негизинде, 2024-жылдын 8-майында УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү ("Опузалап пара талап кылуу") менен кылмыш иши козголду.

2024-жылдын 9-июлунда МСЭКтин Ош шаарындагы кеңселеринде тинтүү жүргүзүлүп, аталган коррупциялык схемага тиешеси бар адамдарга карата далилдерди чогултуу жана документтештирүү боюнча дагы башка ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Эске салсак, 2023-жылдын декабрь айында УКМК тарабынан Араван райондук медициналык-социалдык эксперттик комиссиясынын кызматкерлери ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардан системалуу түрдө опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча кармалган. Эмгек министрлиги медициналык-социалдык экспертизанын түзүмүн реформалоо зарылдыгы тууралуу маселени көтөргөн.

Деген менен МСЭКтин системасын реформалоо боюнча олуттуу чаралар жүргүзүлгөн эмес, айрым кызматкерлерди ротациялоо менен гана чектелген. Жыйынтыгында мекемедеги коррупциянын кыскарышына эч кандай таасирин тийгизген эмес.

Пикир

Оставить комментарий