• 86.8
  • 91.19
  • 0.85

УКМК Салык кызматынын төрагасын жана анын орун басарын кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.12.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов жана анын орун басары Исламбек Кыдыргычов кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Белгиленгендей, атайын кызмат Мамлекеттик салык кызматынын жогорку кызмат адамдарына карата Коррупция жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча кылмыш ишин иликтөөнү улантууда.

УКМК акциздик продукцияларды (алкоголдук жана кант камтыган продукция, тамеки буюмдарын) өндүрүү, импорттоо жана сатуу жогорку саясий жетекчилик тандап алган туура салыктык башкаруу, өлкөнүн экономикасынын туруктуу өсүшүн камсыз кылуу үчүн маанилүү фактор болуп саналаарын баса белгилейт.

Бул багытта Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлеринин кесипкөйлүгү жана өз ишине ак ниет мамилеси өзгөчө мааниге ээ, ал эми алар жасаган кылмыштар бизнес өкүлдөрүнүн айрым тобуна өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качууга, өздөрүнүн реалдуу кирешелерин "көмүскөдө" калтырууга жана республиканын экономикасына орду толгус зыян келтирүүгө мүмкүндүк берет.

Өздөрүнүн кылмыштуу максаттарына жетүү үчүн бизнестин айрым өкүлдөрү ар кандай жаңыланууларды, ошондой эле мамлекеттик органдардын ишине активдүү киргизилип жаткан заманбап санариптик технологиялар менен берилген мүмкүнчүлүктөрдү колдонушат.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдуваповдун жана анын орун басары Исламбек Кыдыргычовдун электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды пайдалануу менен байланышкан махинацияларга тиешеси бар экендиги аныкталган.

Бүгүнкү күнгө карата аталган жогорку кызматтагы аткаминерлер кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Аларга карата мыйзамда белгиленген мөөнөттө айып тагылып, сот тарабынан баш коргоо чарасы тандалат.

Пикир

Оставить комментарий