• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

УКМК: Салык системасындагы туруктуу коррупциялык схемага бөгөт коюлду

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.04.23. /Кабар/. Салык системасындагы туруктуу коррупциялык схемага бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик салык кызматынын органдарындагы системалуу коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлгөн иштердин алкагында, Кыргыз Республикасынын жарандарынан мүлк салыгы боюнча салыктык карызы жок экендиги жөнүндө маалым каттарды берүү учурунда опузалап жана ири өлчөмдөгү акча каражаттарын алуунун коррупциялык механизмин уюштурган Чүй облусунун Москва районуна караштуу мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду.

Козголгон кылмыш иштердин алкагында, Москва районунун мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгына караштуу жергиликтүү салыктарды жыйноо жана текшерүү бөлүмүнүн улук инспектору У.П.А. жана башкармалыктын аталган рейддик салык контролу бөлүмүнүн башкы инспектору С.А.Б. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып жана ыйгарым укуктарынан аша чабуу менен кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо органдарына кийин күбөлүк берүү боюнча, жана ошондой эле салыктык текшерүү жүргүзүү жана мүлк салыгы боюнча салык карызынын жоктугу жөнүндө маалым кат берүү боюнча оң чечим кабыл алуу үчүн, А.Д.А. аттуу жарандан 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатын мыйзамсыз түрдө талап кылган.

Ошентип, 20-апрелде бул адамдар опузалап алынган сумманын бир бөлүгүн алуу учурунда пара алып жаткан жеринен кармалган жана Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Кылмыш ишинин алкагында бул мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоого багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий