• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

УКМК: Төрөбай Зулпукаров тарабынан жасалма дипломду колдонуу фактысы аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.06.21. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты «З.Т.З.» (Зулпукаров Төрөбай Закирович) тарабынан жасалма дипломду колдонуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында, мурдагы вице-спикер, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "КСДП" фракциясынын депутаты «З.Т.З.» тарабынан жасалма дипломду колдонуу фактысы аныкталды.

Такталгандай, «З.Т.З.» 1998-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Тарых факультетинин үчүнчү курсунан чыгарылган. Окуудан чыгарылышынын себеби, билим алуу үчүн акысын төлөбөгөндүгү болгон.

Андан кийин, «З.Т.З.» Ж.Баласагын атындагы КУУ тарабынан берилген делген жасалма дипломду Ош мамлекеттик университетине кабыл алуу колдонуп жана ошондой эле КР ЖКнын депутаты, активдүү саясий ишмердүүлүк мезгилде, экинчи жогорку билим алган.

Ж.Баласагын атындагы КУУдан алынган жоопко ылайык, «З.Т.З» университеттин бүтүрүүчүлөрүнүн катарында жок болгон, көрсөтүлгөн номер менен катталган диплом башка жаранга берилген.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий