Бишкек, 16.10.20. /Кабар/. Саясий куугунтуктоолор болбойт, - деп билдирди КР УКМКнын жаңыдан төрагасы болуп дайындалган Камчыбек Ташиев.
"Ал нерсе биздин башыбыздан өткөн. Ал менин эсимде. Эми саясий куугунтуктоолор болбойт. Биздин максат - коррупционерлерге каршы күрөшүү", - деди ал журналисттердин суроосуна жооп берип жатып.
Ошондой эле ал саясий куугунтук кылгандар боло турган болсо жазаланарын билдирди.
Пикир
Оставить комментарий