• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

УКМК: Таласта 50 миң доллар пара берип жаткан жеринен эки ишкер кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 26.08.24. /Кабар/. Таласта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлерине 50 миң пара берип жаткан жеринен эки ишкер кармалды.

Атайын кызматтан билдиришкендей, "П.А.Т." ЖЧКсынын ээлери М.В.И. жана Э.Д.Н. УКМК кызматкерлерине 100 миң доллар берүүнү макулдашкан.

Тактап айтканда, тоо-кен тармагындагы кылмыштарды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин алкагында КР мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен кендерди иштетүүгө лицензияларды мыйзамсыз берүү боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталган.

Буга чейин аталган факты боюнча УКМК тарабынан КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызмат адамдарына кылмыш иши козголгон.

2024-жылдын 23-августунда "П.А.Т." ЖЧКсынын ээлери М.В.И. жана Е.Д.Н. аталган кылмыш ишин токтотуу үчүн макулдашылган 100 миң доллардын 50 миң долларын УКМК кызматкерине өткөрүп берүү учурунда кармалды.

Кармалгандар Талас шаардык сотунун чечими менен эки айлык мөөнөткө Талас ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда аталган коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган мындан аркы ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө

Пикир

Оставить комментарий